Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Нооруз майрамы менен куттуктоо!

Урматтуу замандаштар!

Кирип келген Нооруз майрамыбыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Байыртадан Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы ата-бабаларыбыз Жалган курандын 21-де күн менен түн  теңелип, күн узарып, жаңы жыл келди деп майрамдашкан. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарын жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылышкан. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулушкан. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечиришкен. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына,  досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдиришкен.

Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын.

Эң негизгиси касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болсун,  «жакшы тилек -жарым ырыс»- дегендей, ар бирибиздин жүрѳгүбүздѳ  ыйман, жүзүбүздѳн жылмаю кетпесин. Нооруз элибизге тынччылыкты, токчулукту, молчулукту, ар бирибиздин үй-бүлѳбүзгѳ бакыт-таалайды, кажыбас кайратты, иштерибизге ийгиликтерди  алып келсин.

Урматым менен Турдукулов Феликс Законович. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университенин, Экономика жана Менеджмент институнун директору.

 

 

Похожие статьи

Закрыть